Биз менен байланышыңыз

Ош шаары: Унаа кагылыштан 1 адам көз жумду

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 466 | 0

Ош шаарында болгон унаа кагылыштан 1 адам көз жумду. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Окуя кечээ, 24-июлда саат 18:00 чамасында болгон. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Исхак Раззаков көчөсүндө «Дэу-Тико» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичиавтобус кагышып, «Дэу-Тико» унаасындагы 3 адамдын бири — 25-30 жаштардагы жүргүнчү каза тапкан.

Учурда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы окуя боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM