Биз менен байланышыңыз

Кытай курал-жарак жарышына катышуудан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 613 | 0

Пекин кайсы өлкө менен болсо да, курал-жарак жарышына катышпайт. Бул тууралуу Кытайдын улуттук коргоосу боюнча жарык көргөн Ак китепте жазылган. Китеп Кытай кеңсеси тарабынан бастырылып чыгарылган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Анда Кытай аскердик жабдууларды, ошондой эле, өзөктүк куралданууну токтотууну колдоорун айткан.

«Кытай бир да өлкө менен аскердик курал-жарак боюнча жарышпайт. Ал эми өлкөнүн коопсуздугу үчүн ядердик потенциалын төмөнкү деңгээлде сактап калат», — деп жазылат документте.

Июнь айында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытай президенти Си Цзиньпин башка өлкөлөрдү суук согуш адатынан баш тартууга чакырган.

 

Copyright © 2017 Maral FM