Биз менен байланышыңыз

АКШ: 7 айдан бери бош турган Коргоо министрлигине Марк Эспер келди

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 810 | 0

АКШ сенаты өлкөнүн Коргоо министри кызматына Марк Эспердин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы жазды.

АКШ президенти Дональд Трамп сунуштап, сенаттан колдоо тапкан Эспер 23-июлда ант берип, кызматына расмий киришти.

Белгилей кетсек, бул орун 7 айдан бери бери бош турган. 70 жылдан бери Пентагон жетекчилик орду мынчалык узак убакытка бош калган эмес. Мурунку Коргоо министри Жеймс Мэттис тышкы саясат жана Трамптын коргонуу саясаты менен келишпестиктерден улам кызматтан кеткен.

Дональд Трамп Эсперге ыйгарым укугун тапшырып жатып, анын 21 жылдык өмүрүн армияга арнаганын, АКШнын улуттук коопсуздугуна салымы чоң экенин белгилеп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM