Биз менен байланышыңыз

Айжигитов: Убактылуу чек араны киргизиш керек

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Июл 2019 | 832 | 0

Элдин тынчтыгы үчүн убактылуу чек араны түзүп коюп, анан толук тактоо иштери бүткөндө, жылдырып койсо болот. Чек араны демаркациялоо, тактап-сызып чыгуу узак убакытты алат деп жатышат. Кырдаалды жөнгө салуунун ыңгайлуу жолдорун таап, шартка жараша аракет жасашыбыз керек. Мындай пикирин Баткен облусунун мурдагы жетекчиси Султанбай Айжигитов«Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Качанга чейин ушинтип жүрмөк элек. Эгерде чек араны демаркациялоо узак убакытты талап кылса, саясатты ыңгайлуу тарабына буруш керек. Убактылуу чек ара сызыгы деген түшүнүктү киргизүү кажет. 1992-жылдары Минск-Алматы келишимдери боюнча административдик чек араны баары кабыл алган. Ошону негиз кылып убактылуу чек араны түзүү керек. Ушул саясатты мамлекеттик, эл аралык дипломатиялык деңгээлде жүргүзүү зарыл», — дейт Айжигитов.

Убактылуу чек араны киргизип, өтө татаал жерлерди темир торлор менен курчоо керектигин айтат. Андан соң демаркациялоо иштерин уланта берсе болорун кошумчалады.

Ошондой эле, мурдагы губернатор Султанбай Айжигитов Баткендеги чек ара көйгөйлөрү боюнча жасалган иштери тууралуу маалыматтарын, программаларын сунуш кыларын айтып, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Copyright © 2017 Maral FM