Биз менен байланышыңыз

Украина: Добуштардын 90 пайызы саналып бүттү

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 409 | 0

Украинада өлкө президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы 43,11% добуш менен алдыда келе жатат. Бул тууралуу Украина БШКсы 90 % добушту санап бүткөн соң билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Украинанын Жогорку Радасына болгон шайлоодо босого упайдан беш партия өттү. Атап айтканда, биринчи орунда 43,11 % менен «Эл кызматчысы» партиясы, андан кийинки орунда 13 % менен «Оппозициялык платформа-Эл үчүн» партиясы, үчүнчү орунда 8,17 % менен мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы , төртүнчү орунда 8,16% менен өлкөнүн мурдагы президенти Петр Порошенконун «Европалык тилектештик» деп аталган партиясы келе жатат. Ал эми акыркы бешинчи орунда музыкант Святослав Вакарчуктун «Добуш» партиясы 5,88% добуш алды.

Калган партиялар Жогорку Радага өтүү үчүн коюлган беш пайыздык босогодон өтө алган жок.

Эске салсак, 20-майда Украинанын президенттик кызматына киришкен Владимир Зеленский Жогорку Раданы мөөнөтүнөн мурда таратып, кийинки шайлоо 21-июлга дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM