Биз менен байланышыңыз

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш орун алды

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 2071 | 1

Бүгүн, 22-июлда Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш орун алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 17:20 чамасында Тажикстандын Ворух айылынын жашоочулары Ай-Сай-Ворух жолуна желек орнотушкан. Ага Баткендин Ак-Сай айылынын жашоочулары нааразычылык билдиришип, чырлаша кетишкен. Мындай окуялардын кесепети эки тараптын кагылышуусуна алып келген. Алгач кол менен, таяк менен башталган мушташ, бара-бара курал колдонууга жеткен. Жаңжалдан кыргыз тараптан 8 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Учурда Исфара-Ворух жолу жабылды. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат. Ошондой эле, эки тараптын чек ара кызматкерлери жана тартип коргоо органдары аймакты тыкыр көзөмөлдөп, окуянын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Ал эми «Азаттыктын» тажик кызматынын маалыматы боюнча, тажик тараптан 1 адам каза таап, 7 адам ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

                  

Copyright © 2017 Maral FM