Биз менен байланышыңыз

Трамп расизм боюнча айыптоолорду четке какты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 1322 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп расизм боюнча айыптоолорду четке какты.

Дональд Трамп кээ бир расалар жана улуттардын өкүлдөрү тууралуу жагымсыз сөздөр айтылышы мүмкүн, бирок ал пикирге көпчүлүк америкалыктар макул болгондуктан, анын расисттик мааниси жок деп эсептейт.

Кошумчалай кетсек, Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Твиттердеги баракчасына Конгресстеги демократ аялдар тууралуу жазган билдирүүсүнөн кийин кескин сынга кабылган.

Демократтар аны расизм үчүн айыптап жатышат. Ал Конгресстеги аялдардын тобуна ата-бабаларынын жерине барууну сунуш кылган.

Copyright © 2017 Maral FM