Биз менен байланышыңыз

Кытайдын мусулмандарды «кайра тарбиялоо» саясатын Орусия менен Тажикстан колдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 483 | 0

Орусия, Беларусия, Тажикстан жана дагы 34 өлкө БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинде Синьцзян-Уйгур автономдук районундагы (СУАР) мусулмандарды «кайра тарбиялоо» саясатын колдоду. Бул тууралуу  «Коммерсант» гезити жазды. Ал эми Кыргызстан менен Казакстан буга каршылык билдиришкен.

Укук коргоочулар, журналисттер, жергиликтүү мусулмандар Кытайдын бул саясатында соттон тышкары массалык түрдө эркинен ажыратуу болуп жатканын айтып келишет.

Буга чейин, Бириккен Улуттар Уюмундагы 22 өлкөнүн туруктуу өкүлдөрү Синьцзян-Уйгур автономдук районундагы мусулмандарга болгон Кытайдын саясатын сынга алышып, бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине кат жолдошкон. Анын негизинде бүгүнкү талкуу орун алган. Ошентсе да, Бириккен Улуттар Уюмунун кеңешинде 37 өлкө колдоого алып, кол коюп беришти.

Кытай өкүлүнүнүн айтымына караганда, акыркы 3 жыл ичинде миңдеген террактардын алдын алган Кытай учурда туура жолдо баратат.

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районундагы уйгур, казак, кыргыз жана дунгандар бир топ жылдан бери бийлик кысымына кабылууда. Бириккен Улуттар Уюму 2018-жылы кайра тарбиялоо лагерлеринде миллиондун тегерегинде адам кармалып турганын билдиришкен. Бээжин ал борборлорду терроризм, экстремизмдин алдын алуу үчүн окутуу аянтчалары катары мүнөздөп келет.

Кытай бийлиги Синьцзян-Уйгур автономдук районунда «саясий тарбия берүүчү лагерлер» жоктугун, аталган автономдук райондогу кырдаал – Кытайдын ички иши экенин айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM