Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «тез жардам» унаасы кырсыкка кабылды (сүрөт)

Кыска кабар | 12 Июл 2019 | 855 | 0

Бишкек шаарында «тез жардам» унаасы менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа кагышты. Бул тууралуу маалыматты шаардын тургуну редакциябызга билдирди. Окуя 12-июлда шаардын Шопоков-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде болгон.

Күбөнүн айтымында, Мерседес үлгүсүндөгү унаа жол чырак жашыл күйүп турган учурда өтүп бара жаткан. Ошол кезде эч кандай эскертүүчү үнү чыкпай, чырагы жанбай келе жаткан «тез жардам» унаасы Мерседести сүзгөн.

Кырсыктан жабыркагандар жок.

Copyright © 2017 Maral FM