Биз менен байланышыңыз

Казакстандын премьер-министри Бишкекке келет

Кыска кабар | 12 Июл 2019 | 742 | 0

Бүгүн, 12-июлда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында ал Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен тар жана кеңири форматтагы жолугушууларды өткөрөт.

Анда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин VIII отуруму да өтөт. Тараптар соода-экономикалык кызматташтык, суу-энергетикалык өнүгүү, азык-түлүктүк өндүрүш жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөнү сүйлөшүшөт.

Аскар Мамин баштаган делегациянын курмандында премьер-министрдин орун басары Женис Касымбек, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев, премьер-министрдин канцеляриясынын жетекчиси Галымжан Койшыбаев, Саламаттыкты сактоо министри Элжан Биртанов, Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов, мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы, каржы министри Марат Султангазиев бар.

Расмий визиттин алкагында бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM