Биз менен байланышыңыз

Ош мэри менен Индиянын элчиси тоо балын экспорттоо боюнча сүйлөшүштү

Кыска кабар | 12 Июл 2019 | 726 | 0

11-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри менен жолукту. Бул тууралу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда Ош шаарында бал өндүрүүчү ишкана ачуу сунушу тууралуу сөз болуп, бизнес-план сунуштала турган болду.  Шаар мэри Индиянын инвесторлору менен иштешүүгө кызыктар экенин да белгиледи.

Таалайбек Сарыбашев жаш дарыгерлердин тажрыйбасын арттыруу максатында Индиядагы клиникалар менен кызматташуу сунушун берди.

Copyright © 2017 Maral FM