Биз менен байланышыңыз

«Чык эшикке»: Зеленскийдин версиясы (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 1209 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Борисполь шаардык Кеңешине болгон сапары чыр менен аяктады. Украина президенти шаардык Кеңештин катчысы Ярослав Годунокту жыйындар залынан сыртка кууп чыгарды. Бул тууралуу СЕГОДНЯ.ua. порталы жазды.

Окуя Зеленский Ярослав Годуноктун криминалдык өтүмүшү тууралуу билгенден кийин келип чыккан.

«Мен бул жактан окуп калдым… Борисполь шаардык Кеңешинин катчысы мурда соттолгон (адамдын денесине оор жаракат алып келди деген айып менен) — Ярослав Михайлович. Бул жактан чыгып кетиңиз, чыгып кет, сен каракчысың! Мени жакшы укпай жатасыңбы? Райондук башкарууда отуруп алып кыйкырасың. Англисче айтканда — «Exit», — деди Зеленский.

Толук маалыматты видеодон көрсөңүздөр болот:

Copyright © 2017 Maral FM