Connect with us

Кыргызстанда абитуриенттер үчүн сайт ачылды

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 717 | 0

Кыргызстанда абитуриенттер үчүн сайт ачылды. Сайтты Билим берүү жана илим министрлиги ачып, абитуриенттердин окуу жайды туура тандоосуна көмөктөшүү максатында ишке киргизди.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, www.university.edu.gov.kg онлайн-куралы «Ачык Өкмөт» долбоорунун алкагында «Жарандык катышуу» коомдук фондунун колдоосу менен түзүлгөн. Бул сайт Кыргыз Республикасында иштеген бардык ЖОЖдордун (мамлекеттик жана мамлекеттик эмес) тизмесин карап чыгууга жардам берет.

Ресурстан ЖОЖдор жөнүндө жалпы жана айрым статистикалык маалыматтар, факультет, бөлүмдөрү менен таанышууга болот. Ошондой эле, байланыш телефондорун алып, сайттын сервисин колдонуу менен түз байланышка чыга алат.

Өлкөдөгү жогорку окуу жайлар 2 пункт боюнча категорияларга бөлүнгөн: аймактар боюнча жана окутуу багыты, адистиги боюнча. Долбоор тарабынан берилген ЖОЖдор тууралуу бардык маалыматтар, анын ичинде медиа-файлдар (сүрөттөр жана видеолор) жана статистикалык маалыматтар ЖОЖдордун расмий өкүлдөрү тарабынан жарыяланган. Андан тышкары, долбоордо ЖОЖдордун жаңылыктары камтылган.

Билим берүү жана илим министрлигинен белгилешкендей, жаңы ресурс Кыргызстанда билимдин сапатын жогорулатууга жардам берүү максатында иштелип чыккан.

Эске сала кетсек, кечээ Кыргызстанда абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу кампаниясы башталган.

Copyright © 2017 Maral FM