Биз менен байланышыңыз

Сыймык Бейшекеев: Америкага Комуз мектебин ачтым

Кечээки «Көлдүк кыз» деп безелене ырдап, көпчүлүктүн көңүлүн бурган, «Күзгү нөшөр» деп ыр дүйнөсүнө күтүүсүз бурулуш жасаган жаш жигит, бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты, жаштар менен тажрыйбасын бөлүшүп, шакирттерди тарбиялаган устат Сыймык Бейшекеевдин өнөр дүйнөсүндө жүргөнүнө быйыл 25 жыл толуптур. Ошол эле учурда, жакында эле алыскы Америка өлкөсүндө болуп, ал жактан комуз өнөрүнө кызыккандарга мектеп ачып берди. Учурдун эң популярдуу ырчыларынын көч башынан түшпөй келаткан өнөрпоз мына ушул өңдүү жаңылыктарын «Марал» радиосунун «Желе-шоу» программасында айтып берди.

— Сыймык ага, жакында эле алыскы Америкага барып комузга кызыккандар үчүн мектеп ачып бериптирсиз. Кеп оролун ушундан баштасак…

— Өзүң баса белгилегендей, кечээ жакында эле Чикаго шаарына Комуз мектебин ачтым. Негизинен, бул мектепти Кыргызстанда ачкым келген. Бирок ал азырынча кыял бойдон калууда. Себеби, баштаган иштин жыйынтыгын чыгаруу керек. Айта кетчү жагдай, каалоочулар абдан көп. Американын Нью-Йорк, Хьюстон, Филадельфия өндүү бир катар шаарларынан да Комуз мектебин ачуу боюнча суранычтар болуп жатат. Кудай буюрса, аракет кылып, бардыгын өз орду менен жасайбыз деген тилегибиз бар. Ошол эле учурда, мындай сунуш Орусиядан, Европадан да түшүүдө. Анан каалоо-тилектерин билдиришип, бизге дем бергендер көп экенин айта кетейин.

— Ошол эле учурда, өзүңүздөн да сабак алууну каалагандар көп болсо керек?… 

— Албетте, андай суранычтар көп. Буюрса, келечекте Сыймык Бейшекеевдин да мектеби болот. Бул — менин кыялым, ошол эле маалда максатым дагы. Бала кездеги эңсөөмө жетип, ыр жаатында дараметимди көрсөтүп, жамы журтка тааныла алдым деп ойлойм. Эми мен башкаларга да үйрөтүп, улуулук, устаттык чылбырды колума алчу кез келди көрүнөт.

— Баса, улуулук, устаттык деп калдыңыз. Ушундан улам сурай кетейин, өнөр дүйнөсүндө жүргөнүңүзгө канча убакыт болду?

— Быйыл чыгармачылыгыма 25 жыл толду. Белгилейин деп, бирок эмки жылга калтырууну чечтим. Себеби, мен үчүн азырынча токтото туруу ыңгайлуу болуп турат. Эмнеге дегенде, жогоруда кеп болуп кеткен иштерди аягына чыгарышым керек. Бул нерсени Кыргызстан эле көрүп жаткан жок, чет өлкөлүктөр да кабардар болушту. Анан жеке чыгармачылыгымды элдин кызыкчылыгынан жогору коюп алсам, туура болбой калат го?..

Copyright © 2017 Maral FM