Биз менен байланышыңыз

Тажикстан: Түрмөдөгү 14 киши нандан ууланып каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 1786 | 0

Тажикстанда 7-июлда Дүйшөмбү, Нурек шаарларындагы колонияга соттолгондорду которуу учурунда 14 жаран ууланып каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын Жаза аткаруу кызматынын башкы башкармасы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Согди облусунда соттолгон 120 эркек жана 8 аялды үч унаа менен Дүйшөмбү, Нурек жана Яван шаарларындагы колонияга которуу үчүн алып кетип жатышкан. Алар жолдо 6 ирет токтогону айтылууда.

Дүйшөмбү шаарына жакын калганда туткундардын бири 3 нанды жанындагылар менен бөлүшүп жеген. Жарым сааттан соң алар өздөрүн жаман сезип, Дүйшөмбүгө жеткенде эс-учтарын жоготкон. 5 мүнөттө келген «Тез жардам» экөөнүн гана өмүрүн сактап калууга жетишкен. Калган 14 жаза аткаруучу жан берген.

Каза болгондордун тизмеси «Ховар» улуттук агенттигинин сайтында жарыяланган. Алардын кичүүсү 20 жашка чыга элек жигит, улуусу 42 жаштагы адам болгон. Калган унаадагылар эч кандай зыянга учураган эмес.

Окуя боюнча Тажикстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, атайын тергөө тобун түзгөн. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иши башталды.

Copyright © 2017 Maral FM