Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Президент коррупцияга каршы тандалма күрөш жүргүзүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июл 2019 | 920 | 0

Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш жүргөн жок. Аны саясий оппоненттерге каршы пайдалануу саясаты жүрүүдө. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги адамдардын камалышы далил боло алат. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бир да президент коррупция менен реалдуу күрөш жүргүзгөн эмес. Азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да паракорчулукка каршы тандалма, жасалма күрөш жүргүзүп жатат.

«Европа Кеңеши КРда коррупция тандалма жүрүп жатканын айтып, туура жолго салууну эскертти. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун өзүнө жакпагандарды коррупцияга күнөөлөп камоосу тандалма болуп калат. Мамлекетте системалык жана түзүмдүк реформа болуп, бардык органдарга легитимдүүлүк алып келиши керек. Сөз эркиндиги пайда болуп, жарандык коом активдешет. Ошондо коом ким коррупционер экенин өзү аныктайт. Ал эми азыр бийлик тандайт да, коомго ар түрдүү жол менен жамандайт», — дейт Жээнбеков.

 

Copyright © 2017 Maral FM