Биз менен байланышыңыз

Нурсултан Назарбаев 79 жашка толду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 423 | 0

Бүгүн, 6-июлда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев туулган күнүн белгилейт. Бул тууралу Tengrinews.kz жазды.

Назарбаевдин мамлекеттик ишмердүүлүгү 1979-жылдан башталган. Тактап айтканда, ушул жылы Казакстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин катчысы болуп дайындалган.

1984-жылы Казак ССР министрлер Кеңешинин төрагалык милдетин аткарган.

1989-жылы 22-июнда Казакстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчылыгына дайындалган.

СССР урап, 15 союздук республика өз алдынча эгемендик алып кеткенден кийин, 1991-жылдын 1-декабрында Казак Республикасынын президенти болуп шайланган.

Назарбаев мамлекетти 30 жыл башкарып, 2019-жылдын март айында президенттиктен өз каалоосу менен кеткен.

Буга чейин Назарбаев 2 майрамга өзгөчө маани берерин айткан. Ал 2017-жылдын 1-декабрында «Мен үчүн, эки туулган күн бар: бири, мен төрөлгөн күн, ал 6-июль экенин билесиздер; экинчи туулган күн — казак эли мени президент катары тандап алган 1-декабрь» — деген.

Copyright © 2017 Maral FM