Биз менен байланышыңыз

Өзбек спортунун легендасы, баскетболчу аял каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 484 | 0

Өзбек спортунун легендасы, эмгек сиңирген спорт чебери, баскетболчу Равиля Салимова 77 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Баскетболчу Салимова мурдагы ССР өлкөлөрү, андан тышкары, дүйнөнүн белгилүү клубдары чакырганына карабастан, Ташкенттин командаларынан кеткен эмес.

Профессионалдык спорт менен коштошкон соң да, балдар жана өспүрүмдөрдү тарбиялап, алар менен тажрыйбасын бөлүшүп келгенин эскерет мекеме.

Ал 1941-жылы 8-августта Сурхандарыя районунда туулган.

Равиля Салимова кезинде Советтер Союзунун курама командасы менен эки жолу дүйнөнүн жана төрт жолу Европанын чемпиону болгон. Ошондой эле, Бүткүл дүйнөлүк универсиадада эки жолу алтын медаль уткан.

Copyright © 2017 Maral FM