Биз менен байланышыңыз

Лондон соту Айсултан Назарбаевди «дарылануу» шарты менен бошотту

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 883 | 0

4-июлда Лондон сотунда Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси, казак сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын уулу Айсултандын иши каралды. Ал 5-июнда баңгизат колдонгон абалда полиция кызматкерине кол салган делип айыпталууда. Айсултан бул дооматты четке кагып келет. Бул тууралуу ВВС дүйнөлүк кызматы маалымдады.

Лондон соту Айсултан Назарбаевди «баңгизатка көз каранды бейтаптар эмделүүчү ооруканада дарылануу» шарты менен бошотту. «Казакстанга качып кетиши мүмкүнбү?» — деген суроолорго анын жактоочусу Алисдэйр Уильямсон: «Назарбаев өзүн, өлкөсүн уят кылуучу кадамга барбайт», — деп жооп берди.

Эми сотто айтылган бейтапкана Айсултандын саламаттыгын текшерип, анын дарыланууга муктаж экендигин тастыкоосу кажет. Андай болбогон учурда абакта калуусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM