Биз менен байланышыңыз

Иркутск: Суу ташкындан жабыркаган 340 адам ооруканага жаткырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 562 | 0

Орусиянын Иркутск облусундагы суу ташкынынан улам 340 адам ооруканага жаткырылды. Анын 59у жаш бала. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, суу ташкындан жалпы 2126 адам жабыр тарткан. Алардын 21и каза болгон. 1767 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда 340 адам ооруканага жаткырылган. Абалы белгисиз болуп келген 24 жаран аман-эсен табылды. Дагы 13 киши изделүүдө.

Иркутск облусунда болгон катуу жаандан улам Ангара өзөнүндө суу ташып, бир нече район суу астында калган. 27-июнда аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM