Биз менен байланышыңыз

Сальвини: Путин тарыхка изин калтырат

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 628 | 0

Италиянын вице-премьер-министри жана Тышкы иштер министри Маттео Сальвини Орусиянын президенти Владимир Путинди «тарыхта изин калтыруучу адам» деп эсептейт. Ал мындай пикирин «Rete-4» каналына берген маегинде билдирди.

4-июлда Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте Орусиянын лидери жана делегация мүчөлөрүнө арнап уюштурган кечки тамакка Сальвини да катышкан.

Андан соң телеканалга маек берген вице-премьер-министр Сальвини жолугушуу тууралуу айтып жатып, Путинге баа берип өткөн. «Тарыхта изин калтыра турган адамдардан” экенин атап, анын жөнөкөйлүгүн белгилеген.

Сальвининин айтымында, тамак үстүндө олимпиадалык оюндар, экономика жана Европанын Орусияга карата киргизген ашыкча санкциялары тууралуу баарлашуу болгон.

Copyright © 2017 Maral FM