Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен унаадагы адамдарды издөө иши бүгүн да уланып, натыйжада кичине кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-июлда издөө иштерине 106 куткаруучу тартылып, саат 19:30дар чамасында кичине кыздын сөөгүн табышкан. Калган адамдарды издөө эртең да уланат.
Эске салсак, 30-июнда Жайыл районунда өтүп жаткан Кожомкул Каба уулунун 130 жылдык мааракесине бараткан унаа Көкөмерен дарыясына түшүп кеткени боюнча маалымат Жайыл райондук Ички иштер бөлүмүнө ошол күнү саат 10:00дө келип түшкөн. Болжол менен унаанын ичинде 5 адам болгону айтылган.
Издөө иштеринин натыйжасында 2-июль күнү Жумгал районундагы Арал айылына жакын жерден унаанын айдоочусунун жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.