Биз менен байланышыңыз

Владимир Путин расмий сапары менен Италияга барды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 524 | 0

Бүгүн, 4-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин Италияга барды. Расмий сапардын алкагында Италия президенти Сержо Маттарелла жана министрлер кеңешинин төрагасы Жузеппе Конте менен жолугушуу мерчемделген.

Өлкө башчылары Орусия менен Италиянын ортосундагы саясат, соода-экономика жана маданий-гуманитардык багыттарда кызматташуусу, ошондой эле, эл аралык мамилелер тууралуу талкуу кылары кабарланды.

ТАСС маалымат агенттигиндеги маегинде Жузеппе Конте бул жолугушуу буга чейин Путиндин жасаган меймандостугун кайтарууга мүмкүнчүлүк жаратарын айтып, эки тараптуу мамилелерди жана аларды жакшыртуу жолдору кеп болорун билдирген.

Сүйлөшүүлөрдөн соң Путин Ватиканга барары күтүлүп жатат. Бул Путиндин Рим папасы менен үчүнчү жолку жолугушуусу болот. Экөө глобалдык маселелерди, католик менен орус православ чиркөөлөрүнүн ортосундагы мамилени талкуулай тургандыгы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM