Биз менен байланышыңыз

Путин 5 жылдан соң саясаттан кетеби?

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 503 | 0

Италиялык Corriere della Sera гезитинин журналисти Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон маегинде «2024-жылдан кийин саясаттан кетүү планыңыз барбы?» — деген суроо узатты.

Ага Путин: «Азырынча бул тууралуу бир нерсе деп айтууга эрте. Алдыдагы 5 жылда кызуу жумуш күтүп турат. Дүйнөлүк абал, динамикалык өнүгүүлөр алдын-ала болжолдоого мүмкүндүк бербейт. Ишенип коюңуздар, азырынча менин алектенчү ишим бар», — деп жооп берди.

Кошумчалай кетсек, Владимир Путин Орусияга алгачкы ирет 2000-жылы президент болгон. Андан соң, 2004, 2012 жана 2018-жылдары кайрадан шайланган. Кийинки шайлоо 2024-жылы өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM