Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстандын Кубогу мелдешинин жарым финалисттери аныкталды

Кыска кабар , Спорт | 4 Июл 2019 | 573 | 0

Футбол боюнча 2019-жылдагы Кыргызстандын Кубогу мелдешинин жарым финалисттери аныкталды.

Бишкек, Кант жана Ош шаарларында өткөн чейрек финалдык беттештерде «Нефтичи», «Дордой», «Лидер» жана «Алга» командалары жарым финалга чыкты.

Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынан кабарлады.

Бул турдагы сенсация Ошто болду. Жергиликтүү «Алай» өз үйүндө Кочкор-Ата шаарчасынын «Нефтичи» командасына 1:2 эсебинде утулуп, мелдештен четтеди.

«Дордой» Бишкекте «Кара-Балта» командасын 4:0 эсебинде утту.

Кант шаарындагы «Лидер» – «Академия» беттеши 7:0 менен аяктады.

Ал эми «Алга» – «Абдыш-Ата» беттеши тең чыгуу менен аяктап, жеңүүчү пенальтилер сериясынан аныкталды.

Бишкектин командасы 4:3 эсебине жеңишти камсыздаган.

Эми жарым финалда «Дордой» — «Алга» жана «Нефтичи» — «Лидер» беттешет. Эрежеге ылайык, жарым финалдык этапта командалар өз үйүндө жана конокто оюн өткөрүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM