Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: «Каримованын коопсуздугу каралмайынча, Швейцария Өзбекстанга акча которбойт»

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 607 | 0

Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова боштондукка чыкмайынча 555 миллион доллар акча каражаты Өзбекстанга которулбайт. Бул тууралуу анын швед жактоочусу Грегуар Манжа өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.

«555 миллион долларды которуу токтотулду. Биздин кардарды бошотмоюнча, Өзбекстан менен кызматташпайбыз. Каримовага болгон кысым барган сайын күчөп барат. Анын өмүрү коркунучта», — деп жазат Манжа.

Буга чейин, 2-июлда Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримова Инстаграмдагы баракчасына апасы менен өзбек өкмөтүнүн азыркы мамилелери тууралуу 3 барактан турган билдирүү жазган.

Анда түрмөдө апасына атайын кысым көрсөтүлүп, ден соолугуна зыян келтирилип жатканын айтат. Ошондой эле, бир ай мурун башталган бардык акчаны кайтаруу жараяны токтотулганын билдирген.

«Апам колониянын жетекчисинин айынан физикалык коркунуч астында калууда. Мындай абал эң коркунучтуу делген кылмышкерлерде да болгон эмес», — деп жазат Иман Каримова.

Иман Каримова апасынын түрмөдөгү шарты оңолмоюн,Швейцария соту акчаларды кайтаруу жараянын баштабай турганын билдирген.

Эске салсак, Гүлнара Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмыш боюнча айыпталып, 2017-жылдын декабрында 10 жылга соттолгон. Андан сырткары, салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана оффшор компаниялардын документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган.

Copyright © 2017 Maral FM