Биз менен байланышыңыз

Качкынбай: Өлкөдө системалык жашыруун саясий кризис бар

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Июл 2019 | 742 | 0

Бүгүнкү күндө өлкөдө системалык жашыруун саясий кризис бар. Азыркы кырдаалдарды саясий кризистин белгилери катары кароого болот. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегинде болуп жаткан окуяны саясий кризис дегенге болбойт. Мындай пикирин саясат талдоочу Сейтек Качкынбай «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыркы кырдаал чыңалууну жаратпайт. Анткени, өлкөдө жергиликтүү аймактагы лидерлердин ролу абдан чоң. Ал эми Атамбаевдин тегерегинде мындай адамдар чогулган жок. Атамбаевдин бийликке койгон резолюциясында кабыл алынбай турган көп маселе бар.

«Ультиматум койгондордон «Силер 6 жылда эмне кылдыңар?» деп суроо зарыл. Өздөрү 6 жылда жасабаган иштерин эми бийликке 2 айда жаса дегенин комментарийсиз калтырсак да болмок. Мунун демилгечилерин жоопко тартуу зарыл. Бийлик эмне үчүн жоопкерчилик тартышы керек? Жогорку Кеңештин курамы Атамбаевдин убагында кандай түзүлгөнүн билебиз. Президенттик Аппарат партия лидерлеринен тизме сураган бейформал интитутка айланган. Анан бул парламенттен эмнени күтүп жатабыз?» — дейт Сейтек Качкынбай.

Анын баамында, парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнүн эч кандай мааниси жок. Парламенттик өлкөлөрдө өкмөттүн курамы шайлоодо жеңишке жетишкен партиянын өкүлдөрүнөн куралат. Ал эми Кыргызстанда өкмөт башчы, министрлер эл алдында убада бербейт. Бул — системалык кризис. Система тууралуу сөз кылбай туруп, кызматкерлерди алмаштыруу маанисиз.

Copyright © 2017 Maral FM