Биз менен байланышыңыз

Беларусия: Эгемендүүлүк күнүндөгү парадды 8 өлкөнүн аскери коштоду

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 462 | 0

Беларусиянын эгемендүүлүк күнү 8 өлкөнүн аскер кызматкерлери катышкан парад менен коштолду. Ага Кыргызстан, Орусия, Кытай, Азербайжан, Армения, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн аскер кызматкерлери катышты.

Минск шаарында өткөн аскердик парадга жалпы 5 миң аскер тартылып, механикалык колоннада 280 миң унаа, аба техникасынан 50 учак жана тик учак учурулду.

Жүрүшкө Беларусиянын президенти Александр Лукашенко да катышты.

Беларусияда эгемендүүлүк күнү 1996-жылдан бери 3-июлда өткөрүлүп келет. Быйыл Минск шаарында фашисттик баскынчылардын өлкөдөн сүрүлүп чыккандыгынын 60 жылдыгы аскер парады менен белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM