Биз менен байланышыңыз

Беларусия Бишкекке автобустарын алып келүүгө даяр

Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 470 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Беларусиянын өнөр жай министри Петр Пархомчик менен жолугушту.

Жолугушууда Беларусия Бишкек шаарына автобустарды ташып баштоого даяр экени белгиленди.

Тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен келишим долбоорун талкуулоону улантуу макулдашылды.

Белгилесек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Беларусь өкмөт башчысы Роман Головченко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Анда Бишкек шаары үчүн коомдук транспортту жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кароо макулдашылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM