Биз менен байланышыңыз

Жириновский Орусия менен биригүүгө тийиш деп эки өлкөнү атады

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Сен 2019 | 6883 | 0

Беларусия жана Украина Орусия менен биригип, бир өлкө болгондо гана гүлдөп өнүгөт. Мындай пикирин Орусия Думасынын депутаты Владимир Жириновский өзүнүн телеграмм каналына жазды.

«Бирдиктүү мамлекет катары Орусия менен Беларусияны кайрадан карап чыгууга убакыт келди. Эмне үчүн ойлонуш керек, келгиле биринчи бажыбы же тарифтерби? Беларусия качан биз бирдиктүү бир өлкө болгонубузда гүлөйт. Келгиле жарандардын эркин жүрүүсүнө жана бирдиктүү рублди жүгүртүп көрөбүз. Көп ресурстар каралгандуктан, рубль евродонда күчтүү болот. Ал эми Украина менен дагы ушундай эле мамиле кылыш керек. Анткени, биз тарыхыбызда бирге жашаганбыз, азыр болгону аны калыбына келтирүү керек«, — деп жазган саясатчы.

Ошол эле учурда, ал өлкөлөр бириккенден кийин ошол эле жалпылыкты сактоо менен бирге, өлкөлөрдүн эркиндигин жана өз тилинде сүйлөөсүнө уруксат берип чектөө койбош керектигин кошумчалаган.

Уран: Жириновский менен жолукканда толкундандым

Copyright © 2017 Maral FM