Connect with us

Уран: Жириновский менен жолукканда толкундандым

Портрет | 16 Ноя 2018 | 38722 | 0

Орус саясатчысы Владимир Жириновский жыйын залында отургандарды куйкум сөздөрү менен чындыкты таамай айтып бирде күлдүрсө, кээде көздөрүнө жаш алдырганын барыбыз угуп, көрүп жүрсөк керек. 21 жашында дал ошол саясатчысы менен жолугуп маектешкен кыргыз жигити Уран Жаныбеков “Портрет” программасынын алкагында кызыктуу маек куруп берди. 

Уран Жаныбеков 1994-жылы 5-июнда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылында төрөлгөн. 2013-жылы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясын аяктаган. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясынын мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу факультетин бүтүргөн. Учурда Түркиянын Анталия шаарындагы “Акдениз” университетинде мамлекеттик башкаруу бөлүмүндө магистратурада окуйт.

Студент кезде 100 $ мен үчүн жакшы каражат болчу…

Университетте окуп жүргөндө коомдук иштерге активдүү катыштым. USAID тарабынан жарыяланган “Молодежный театр Мир” атуу долбоорго катышып Кыргызстандын региондоруна чыгып, бир топ балдардын көйгөйүн чечүү жана жол көрсөтүү тууралуу иш-чараларды алып бардык. Кийинчерээк “Ломоносов” аталыштагы стипендиялык программага катыштым. Студент кезде 100 $ мен үчүн жакшы каражат болчу (күлүп). Андан сырткары Enactus программасы менен бир нече старт-ап долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылдык. II курста Новосибирск шаарынан билим алууга мүмкүнчүлүк жаралды. Тагыраагы, алмашуу программасы аркылуу СИУ РАНХиГС окуу жайынан окуумду уланттым. Чоң тажрыйбага ээ болдум. Орусиянын саясатын жакындан тааныдым. Жөн гана окуп жүрбөйүн деп экологияны коргоо боюнча долбоорго катышып, жакшы жыйынтыктарда көрсөтө алдык. Конкурстун жеңүүчүсү болуп Москва шаарына барып, орус саясатынын мектебинен дагы билим алдым. Орусиянын депутаттары, парламенттеги фракциянын лидерлери менен да тааныша алдык.

Жириновский чыныгы жашоодо башкача…

 

Алсак, Владимир Жириновский жана башка белгилүү саясатчылар менен жолугуп, ой-пикир алмаша алдык. Мени кызыктырган суроолорду берип жооп ала алдым. Жириновский менен жолукканда 21 жашта элем. Бираз толкундандым. Анткени күн сайын сыналгыдан көргөн саясатчы менен бетме-бет жолукканда башкача сезимдер болот экен. Жириновскийдин Кыргызстан тууралуу жаман ою жок. Айта кетчү нерсе, сыналгыдан көрүнгөн Жириновский чыныгы жашоодо башкача. Теледе чагымчыл сөздөрдү айтып өзүн таанытса, жашоодо терең ойлонуу менен иш кылган, саясатты жакшы түшүнгөн адам экенин байкадым. Ал аянтчадан жаңы тааныштарды таап, биргеликте Кыргызстандагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору боюнча долбоорлорду ойлодук. Бирок КРга келгенде колдоо көрсөткөн адамдар аз болгону үчүн ал долбоорлор ишке ашпай калды. III курста окуп жатканымда Москва шаарында Дипломатиялык семинардын 7-съездине катыштым. Ал жерде да КРдин намысын коргой алдым. 2 жумага созулган форумда коомдук палатанын, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) лидерлери менен жолугушуулар болду. ЖККУнын башчысы Бордюжа Николай Николаевич менен расмий таанышып, суроолорума жооп алдым.

Алып жаткан билимим, топтогон тажрыйбаларым кыргыз элим үчүн… 

Бакалавр дипломун колго алган соң «Түркия стипендиялары» программасы менен Акдениз университетине келдим. Орусиядагы университеттердин деңгээли төмөн болгондуктан “Акденизди” тандап алдым. Бул окуу жай билим деңгээли боюнча дүйнө жүзүндө 700-орунда. “Билим алууда чекит жок” деген сөзгө кошулам. Адам баласы жаңы нерселерди үйрөнүүдөн качпашы керек. Алган билимин, билген өнөрүн жаңы муунга толугу менен үйрөтүп кетиши зарыл деп эсептейм. Мындан улам мен да чет мамлекеттен билимимди жогорулатып жатам. Анталияда муниципалитеттин иштеп жатканын көрүп, бир чети таң калып, бир чети баа бердим. Анткени кыска убакыттын ичинде бир гана жергиликтүү калк үчүн эмес, туристтерге да ыңгайлуу шаарча курушту. Ал жерде жаңы технологияларды колдонуп калаанын көркүнө көрк кошушту. Албетте, булардын баары мен үчүн ачылыш болду. Башкача айтканда, теорияны тажрыйба жүзүндө көрүп жаткан убагым. Анталиядагы чет элдик студенттер менен бирге окуп жатканым мен үчүн эффективдүү болду. Чет өлкөлө окуунун артыкчылыктарынын бири башка улуттун студенттери менен маектешип, алар тууралуу көп маалымат ала алдым. Мурда алардын маданиятын, жашоо шартын китеп, кинодогу маалыматты негизинде элестетсем, эми бирге окуп терең үйрөнө алдым. Окууну аяктасам Европа мамлекеттеринен күчүмдү сынап көрсөм дейм. Азыр жашмын. Билим алууга суусап турган кезим. Кыялымдагы билимди Европадан алам алам. Аягында, албетте, Кыргызстанга барам. Киндик каныбыз тамган жерге барып кызмат кылуу – биздин башкы милдет. Ошондуктан азыр алып жаткан билимим, топтогон тажрыйбаларым кыргыз элим үчүн деп билем. 

“Ушундай кооз жаныбарды кантип муздайсыңар?” деп таң калышкан…

Өз тарыхын билбей туруп башка мамлекетке барып жашоо абдан кыйын. Чет жерде өзүбүз менен бирге улуттун маданиятын, тарыхын таанытабыз. Андыктан өзүмбүздү жогоруда айтылгандарды алып жүрүүчү элчи катары сезип барышыбыз керек. Мен да Түркияга келгенде Кыргызстан тууралуу кенен айтып бердим. Таанытуу бүткөн соң Уганда өлкөсүнөн келген студент: “Уран, сен таза суу жөнүндө чындыкты айттыңбы же Кыргызстанды жакшы көрсөтүү үчүн эле сүйлөп койдуңбу?” – деп сурады. Көрсө Угандада таза суу тартыш экен. Угандалык кыздын айтканына караганда, эл арыктан аккан суудан пайдаланышат. Арыктын өйдө жагында бирөө кир чайкаса, ылдыйда башкасы идиш жууйт, тамак-ашка колдонот экен. “Ошондуктан уганда эли таза суу ичүүгө зар” дегенин укканда, биздеги таза суунун баркына жетип, баа бердим. Ошондой эле кыргыз менен казак элинин аттын этин жей турганын айтсам, “ушундай кооз жаныбарды кантип мууздайсыңар?”-деп таң калышкан. Бирок ар бир өлкөдө маданият, түшүнүк, көз карашы ар башка экенин айтып, мындай нерсеге таң калбашыбыз керек дедим. Биздин сырткы келбетибиз түрктөрдөн айырмаланып тургандыктан, көп жерде “сен кытайсыңбы же корейсиңби” деп сурашат. Бир жолу сабакта отурсам, жанымдагы кыз “японсуңбу” деп сурады. Жок кыргызмын десем “канча тил билесиң?” деди. Анан Кыргызстанда кыргыз жана орус тили колдонуларын айттым. “Сен японго окшошсуң, неге япончо билбейсиң” деп кайра сурады (күлүп). Ал суроого кандай кылып жооп беришимди билбей, анда япон тилин үйрөнүшүм керек экен деп кутулдум. 

Китептерди издеп жатып абдан кызык окуяга туш болдум…

Түркияда китеп сатып алайын деп өзүмө керектүү китептерди издеп жатканда абдан кызык окуяга туш болдум. Китепкананын бүтүндөй бир текчеси залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналганын көрдүм. Жазуучунун бардык китептери түрк тилине которулуптур. Муну көргөндө катуу кубандым. Түрктөрдүн көпчүлүгү Айтматовдун чыгармачылыгына жогору баа беришет. Анда айтылгандар боюнча кино тартышат. Жазуучунун сөздөрүн китептеринде да көп колдонушат. Айтматовду түрк дүйнөсүнө салым кошкон улуу инсан катары көрүшөт. Ак барак барын көтөрөт деп ойго келген нерсенин барын китеп кылып жаза берген болбойт. Андыктан азыр китеп жазуу оюм жок. Бирок билип болбойт, балким келечекте жазып калам. Окуудан сырткары өзүмдү өнүктүрүүгө басым жасайм. Белгилүү окумуштуулардын жаңы макалаларын таап окууга аракет кылам. Мындан сырткары дүйнө жүзүндөгү жаңылыктардан артта калбай, кабарлар менен таанышууга жан үрөйм. Кыйын саясатчылардын интервьюларын издеп көрөм. Хобби катары америка футболун жактырып ойнойм. Ал келечеги бар оюндардын бири болгондуктан, окуу жайдын командасына кошулуп ойноп жүрөм. 

Күн сайын окууга баратып тоону карап, мен Кыргызстандамын деп өтөм…

Өз жерибизден алыста бөлөк мамлекеттин маданиятын кабыл алып жашасак дагы туулуп өскөн Кыргызстаныбызды башка эч бир мамлекет алмаштыра албайт. Университетке бара жаткан жолдогу эки имараттын ортосунан чоң тоо көрүнүп турат. Күн сайын эртең менен окууга баратып ошол тоону карап, «мен Кыргызстандамын» деп өтөм. Болбосо ал имараттын ортосу 5 секундалык эле жол. Ошол аралыкта болсо да тоону көргөнүмө кубанып, башкача энергия алып сүйүнүп калам. Албетте, Кыргызстанды сагынам. Биринчилерден болуп өлкөнүн таза абасын, суусун жана өзгөчө тамак-ашын сагынам. Кыргыздын беш бармагы, куурдагы, мантысы башка эч бир жерде жок деп эсептейм. Кыргызстанга кетишиме түрткү болгон нерселердин бири – улуттук тамактар. Ал эми Түркиянын билим берүү системасынан ала турган көптөгөн жакшы үлгүлөр бар. Алсак, ар бир факультетти өз-өзүнчө бөлүп бир университет катары көрбөй, баарын бир кампуска чогутсак, студенттин жашоосуна ыңгайлуу болот. Ошондуктан түрктөрдүн университет куруу системасын Кыргызстанга алып барсамбы деген ойдомун. 

Азыр чет өлкөдөн билим алууга мүмкүнчүлүктөр кенен…

Менин чет өлкөлөрдөн билим алып жатканымдын белгилүү бир формуласы жок. Башка мамлекеттен билим алууну самаган студент биринчи кезекте өз кесибин мыкты өздөштүрүп, жакшы окушу керек. Анткени кесибин мыкты билген адам гана мыкты кадр боло алат. Андай кадрлар бир гана өлкөдө иштеп же билим албастан, башка мамлекеттерге да чыгуусуна шарттар көп. Мындан сырткары эл аралык гранттык долбоорлорго катышуу менен да мүмкүнчүлүгүн колдонуп көрө алышат. Бул тууралуу маалыматтарды социалдык тармактардан, расмий сайттардан таба алышат. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнө ылайыктуу стипендиялык программаларды интернеттен издеп тапса болот. Студент билим алгысы келген өлкөсүнүн элчилигинин расмий сайтынан дагы маалымат алса пайдалуу. Маданиятын тааныткан, тил үйрөткөн бекер окуулар бар. Аны да колдоно алышат. Ошондой эле Эразмус Мундус программасы дагы чет өлкөдөн билим алууга зор мүмкүнчүлүк түзөт. Аталган программага катышып, каалаган университетке барып бир же эки семестр билим алып келсеңиз болот.

Идеяңарага эч ким ишенбесе да өзүңөр ынангыла…

Мен өзүмө баа берүүдөн алысмын. Менин бул деңгээлге жетишиме китеп же тасмалардын эмес, апакемдин салымы чоң. Анткени апам ойлогон максаттарыма, кылып жаткан иштериме толугу менен ишенет. Ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Мурда «жаман иш кылсам апам кайгырат» деп ойлоп жаман жолдорго жакындабадым. Экинчиден, жакын досторум качалык кыйынчылык, түшүнбөстүктөр көп болсо да ар дайым жанымда болушту. Алар качан болбосун колдоо көрсөтүп, дем-күч берип турушат. Мен аларга ыраазычылыгымды билдирем. Албетте биздин доордо жаңы идеаларды сунуштай тургандар – ийгиликтүү адамдар. Мындан улам сиздерге чет өлкөгө чыгып, көп саякаттоону сунуштайм. Анткени адам канчалык көп саякаттап, жаңы нерселерди үйрөнүп, креативдүү болсо, ийгиликтүү болуп саналат. Мындай адамдар кызыктуу китеп жазат. Алардын китеби албетте көп сатылат. Андагы маалыматтарды колдонгон режиссёрлор кино тартат. Тартылган тасмаларды идеясы жок адамдар көрүп, жаңы ойлорду жарата алышат деп эсептейм. Ошондуктан идеяңарага эч ким ишенбесе да өзүңөр ынангыла. Аны ишке ашырууга аракет кылгыла. Максатыңардан эч качан тайбагыла!

Copyright © 2017 Maral FM