Биз менен байланышыңыз

Элчилик Орусиядагы мигранттарга иштөө үчүн бош орундар тизмесин сунуштады

Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 3765 | 0

Азыркы кырдаалга байланыштуу жумушка орношуу маселелери менен КРнын жарандары бош жумушчу орундар, талаптар жана эмгек шарттары менен Кыргызстандын Миграция мамлекеттик кызматынын өкүлчүлүгүнүн “Фейсбук” социалдык тармагындагы расмий баракчасында жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин www.elchi.ru расмий блогунда таанышууга болот.

Маалымат телефондору : +7(901)7061356, +7(901)7611196, +7(980)0780332, +7(977)5973703.

2020-жылдын 20-апрелине карата актуалдуу бош орундар:

1. Кир жуугучтар (Москва ш, Зеленоград)
Кийим үтүктөө (аялдар) Жок дегенде 10 класстык билими бар аял-эркектер, жубайлар деле болот, орус тилин билиши зарыл. 2 күн иштеп, 2 күн бош, айлык акы 30 миң рубль, эмгек өргүү төлөнөт, жатаканасы бар Т.:+79037202693

2. Тигүүчүлөр (Санкт-Петербург ш.)
Тажрыйбасы менен болушу шарт. Ишке тестирлөө жана медициналык кароонун жыйынтыктары менен тандалып алынат. Айлык акы жумуш көлөмүнө жараша, айына 2 жолу, акысыз түшкү тамак, жатакананын акысынын 30 % жумушчу төлөйт Т.:+79059767761

3. Тигүүчүлөр. Железногорск ш. (Курск облусу) Тажрыйбалуу 100 тигүүчү талап кылынат.  Иш тартиби 6/1 күнүнө 11,5 саат, маяна 50 000 рублга чейин Т.:+79059767761

4. Тигүүчүлөр.Шахты ш. (Ростов облусу) Тажрыйбалуу 300 тигүүчү талап кылынат.  Иш тартиби 5/2, айлык акы 35 миң руб. чейин Т.:+79059767761

5. Тигүүчүлөр.Барнаул ш.(Алтай крайы) Тажрыйбалуу тигүүчүлөр талап кылынат. Иш тартиби 6/1 күнүнө 11,5 саат, айлык акы 60 000 руб. чейин Т.:+79609452742

6. Тигүүчүлөр (метро ВДНХ, Пушкин облусу) Тажрыйбалуу тигүүчүлөр керек.  Айлык акы 2200 руб. түнкү сменде, ар бир 15 күндө Т.:+79670948777

7. Гипсокартон менен иштөө, вентиляция мастери (Смоленск ш.) эркектер керек. Жумуш саат 08:00 -20:00, айлык акы күнүнө 2500 руб. 3 жолку тамак-аш акысыз, бекер жатакана.  Т.:89268582182
Т.:89629876871

8. Сан фаянс жасоо (жуунуучу кабина, унитаз, раковина), Троицк ш. эркектер керек. Айлык акы жумуш көлөмүнө жараша, күнүнө Т.:89263111990

9. Газоблок коюучулар 2 күнгө 20 эркек. Айлык акы 1 кв.м.250 руб Т.:89095346002, +996778311948 (ватсап)

10. Плитка, армстронг, шпаклёвка боюнча мастер. Өз шайманы болгондор артыкчылыкка ээ. Айлык акы жумуш көлөмүнө жараша жума сайын, жатакана акысыз Т.:89852333920

11. Дүкөндө жүк ташуучу (метро Отрадное, Алтуфьево) Орус тилин билген, иш тажрыйбасы, паспорт, медкнижкасы жана каттоосу менен. Айлык акы 40 000 руб.. Т.:89262230797

12 Дүкөнгө жууп, тазалоо (метро Нагатинская, Шипиловская, Домодедовская, Коломенская) Айлык акы 40000 руб. Т.:89262230797

13 Дүкөндө жүк ташуучу (метро Митино) Айлык акы 40000 руб. Т.:89262230797

14 Жууп, тазалоо иши (метро Волгоградский проспект) КР же РФ жарандыгы, толук документтери менен. Айлык акы 47 000 руб. Т.:89262230797

Жумуш берүүчүнүн эсине!
Орусия Федерациясынын аймагында жумушка орноштуруу максатында Кыргызстандын жарандарынын арасынан жумушчу алуу үчүн кызыкдар уюмдар Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн электрондук почтасына predmigration@mail.ru арыз таштап же +7 (977)5973703 телефону боюнча кайрылса болорун эскертти.

Ал эми азыркы кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча КРнын жарандары Элчиликтин Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу чалып, кайрылуу калтырууга болот.
+7 (499) 237 43 01;
+7 (499) 237 44 61;
+7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап);
+7 (925) 387 45 97 – мобилдик (вотсап);
+7 925 103 29 11 – мобилдик ( вотсап).
Элчилик КРнын жарандарын азыркы кырдаалга байланыштуу Орусияда киргизилген тартип, эрежелерди сактоого, жеке саламаттыгына карап, өздөрүн жана жакындарын сак болууга чакырат.


Трамп: Америкалыктардын жумушун сактап калуу үчүн иммиграцияны убактылуу токтотобуз

Copyright © 2017 Maral FM