Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттин өнүгүшүнө мекендештердин салымы көп

Кыска кабар | 2 Авг 2019 | 702 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, президентинин алдындагы чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышына катышты.

Өлкө башчысы мигранттарды колдоо максатында мамлекет тарабынан аткарыла турган бир катар милдеттерди атады.

Анда мамлекет тарабынан чет жактардагы мекендештердин мыйзамдуу түрдө статусун бекитип, аларды таануу, мекендештерди тартууга багытталган укуктук, социалдык жана экономикалык механизм жана инструменттерди иштеп чыгуу жана мекендештер менен болгон кызматташууну, өз ара алаканы күчөтүү милдеттери белгиленди.

Президент журтташтарыбыздын чет жактан салган акчалары мамлекеттин өнүгүшнө зор салым кошконун белгилеп, мамлекеттин экспорт жана түз инвестициялар тармагынан дагы жогору деп баалады.

Акыркы он жылда Кыргыз Республикасына эмгек мигранттары жана мекендештер тарабынан 19 млрд. АКШ долларынан ашык каражат жөнөтүлгөн. Салыштырып кетсем, ошол эле он жылдык мезгилде жалпы өлкөбүздүн экспортунун көлөмү 18 млрд. АКШ долларын түзгөн.

Ал эми өлкөбүзгө келип түшкөн түз чет элдик инвестициялардын көлөмү болгону 8,3 млрд. АКШ долларын түздү.

Башкача айтканда, сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин кошкон салымы биздин экспорт жана түз инвестициялар тармагынан дагы жогору”, — деди мамлекет башчысы.

Ар бир мигранттын акчалай которуулары курулуш, финансы, тигүү өндүрүшү, транспорт, байланыш, соода жана кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы ж. б. тармактардын өнүгүшүнө түрткү болууда.

Сыртта жүргөн мекендештерибизден жана эмгек мигранттарынан келген каражат жумуш орундарын түзүп, жакырчылыкты төмөндөтүүгө жардам берди.

Эске сала кетсек, атлган кеңеш 42 кишиден турат. Кеңешти президент Сооронбай Жээнбеков жетектейт. Аталган кеңешти түзүү боюнча президенттин жарлыгы 2018-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн “Мекендештер” форумунан кийин чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM