Биз менен байланышыңыз

Малаховдун айткандары боюнча Орусия элчилигинин өкүлү ТИМге чакырылды

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 1172 | 0

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Жолугушууда ТИМ өкүлү орусиялык дипломатка Малаховдун «Россия-1» каналындагы айткандары боюнча жагдайга токтолгон. Ошондой эле Орусиянын мамлекеттик телеканалдарындагы журналисттеринин мындай сөздөрүнө кыргыз-орус мамилелерин эске алуу менен тынчсыздануусун билдирген.

Малахов өзү алып барган «Россия-1» телеканалынын 24-сентябрдагы «Андрей Малахов менен түз эфир» телеберүүсүндө Москвада такси айдап иштеп жүрүп жол кырсыгына кабылган жигит, кыргыз жараны Исламбек Акбаровдун аракеттерине баа берип, аны кылмыш кылды деп бир тараптуу айыптаган пикирлер айтылган. Мындан сырткары, Малахов өзү Кыргыз мамлекетин жана кыргызстандыктарды кемсинткен сөздөрдү айткан.

Акбаров «Колбаса королу» атыккан орусиялык олигархтын баласы мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатканда автоунаасы менен алдынан чыга калып, жол кырсыгына себепкер болгон. Орус жараны кагылышуу болгон жерде жан берген.

Буга байланыштуу кыргызстандык интернет колдонуучулар нааразы болуп, «Малахов кечирим сурасын» деген акцияны башташкан.

Copyright © 2017 Maral FM