Биз менен байланышыңыз

Түркияда калган 212 мекендешибиз Кыргызстанга учуп келишет

Кыска кабар | 17 Апр 2020 | 1095 | 0

Бүгүн, 17-апрелде, түштөн кийин Бишкекке Стамбулдан 212 жүргүнчүсү менен учак учуп келет. Алардын баары “Ак кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Өкмөт чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча ишин улантаары маалыматта айтылат.

Бүгүн “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдакматов социалдык тармактагы баракчасына чет өлкөдөн Кыргызстанга учканы жаткан мекендештердин видео кайрылуусун жүктөгөн. Анда коронавирус апаатынан улам Кыргызстанга кела албай калган мекендештерибиздин үйлөрүнө кайтканга мүмкүнчүлүк алганы үчүн тийиштүү тараптарга ыраазычылык билдиргенин көрүүгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM