Биз менен байланышыңыз

Орусия менен Түркиядан 500дөн ашык мекендеш алынып келинет

Кыска кабар | 22 Апр 2020 | 927 | 0

Тармактык мамлекеттик органдар Орусия менен Түркиядан мекендештерибиздин келишине толук даярдык көрүүлөрү керек. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйында биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов айтты.

— Обсервациялык жайлар, медициналык мекемелер даяр болушу шарт. Тиешелүү бардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары жарандардын келиши, аларды жайгаштыруу жана мындан аркы аракеттер боюнча так жана алгоритмге ылайык иштеп, келгендер үчүн зарыл шарттарды түзүүлөрү керек, — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Новосибирск (Россия Федерациясы) шаарынан аба каттамы күтүлүүдө, 176 адам келмекчи. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрү тарабынан жетишилген макулдашуулардын натыйжасында 24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамын ишке ашыруу пландалууда. Аны менен 350 кыргызстандыктын келиши күтүлүп жатат. Алардын бардыгы Бишкектин обсервациялык жайларына жайгаштырылат.

Ошондой эле укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үй карантинин катуу сактоо жана жакында Түркиядан жана Казакстан Республикасынын Усть-Каменогорск шаарынан келген мекендештерибиздин толук обочолонуусун көзөмөлдөөсү керектиги белгиленди.


ТИМ: Новосибирсктеги кыргызстандыктарды 22-апрелде атайын учак Бишкекке алып келет

Copyright © 2017 Maral FM