Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Новосибирсктеги кыргызстандыктарды 22-апрелде атайын учак Бишкекке алып келет

Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 1281 | 1

Новосибирск-Бишкек каттамы боюнча буга чейин авиабилеттерди сатып алган Кыргызстандын жарандарын алып келүү маселеси чечилди. Тактап айтканда, 22-апрелде атайын чартердик каттам Кыргызстанга учат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Эртең, 22-апрелде Орусия Кыргызстандан өзүнүн жарандарын алып кетүүнү пландап жатат. Мындан улам, чартердик учак Орусия тараптан кыргызстандыктарды Бишкекке жеткирип, кайра кайтканда орус жарандарын алып кетет.

Буга чейин пландаштырылган каттам менен мекенине учуп кете албай калган, колдоого жана жардамга өзгөчө муктаж болгон КР жарандарына Новосибирскте убактылуу жайгаштырууда жана тамак-аш менен камсыздоодо диаспоралык уюмдар тарабынан көмөк көрсөтүлүп жаткан болчу.

1 пикир

1 пикир

  1. Жамбылбек

    22.04.2020 00:49

    КР нын жүргүнчүлөрдү ташуучу Мамлекеттик Авиациясынын жоктугу бул жеткен маскарачылык. 29 жылдан бери бул тармакты башкаргандардын бардыгынын үстүнөн Кылмыш — жаза кодексине ылайык, Кылмыш ишин козгоо керек. Жаңы самолетторду сатып алуунун ордуна , колдонулуп жаткан учактарды башка жактарга саткандардын баарынын үй мүлкүн конфискациялап, өздөрүн үй камагында узак жылдарга кармоо абзел.
    Эч кандай себептер менен актанууга болбойт.
    Позор.!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM