Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 300 миллион тоннадан ашык уулуу калдыктар бар

Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 1061 | 0

Өлкө аймагында уулуу калдыктар сакталган 92 жай бар, аларда жалпысынан 300 миллион тоннадан ашык калдык бар. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин изилдөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатканда белгилүү болду.

Депутат Исхак Пирматов уран, торий кендерин казууга каршылыгын билдирди.

«СССР маалында иштеп турган заводдордо көзөмөл өтө катуу болгондуктан, көйгөй жаралган эмес. Бирок бүгүнкү абал башкача. Жашыл экономикалуу, таза өндүрүм чыгарган өлкө брендине жетүүбүз керек», — деди депутат.

Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов ошол СССР маалында казылган кендердин калдыктарынын кесепеттери бүгүн чыгып жаткандыгына токтолуп, «Калдык сактоочу жайлардан да алда канча зыян келет. Андыктан, мындай жагдайда экономиканы бетке кармоого болбойт», — деди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Copyright © 2017 Maral FM