Биз менен байланышыңыз

Депутаттар уранды иштетүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алды

Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 1174 | 0

31-октябрда Кыргызстанда уран иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Аталган долбоор 3-окууда каралып, колдоо тапты. Ага ылайык, өлкө аймагында уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын изилдөө жана иштөөгө уруксат берилбейт. Мыйзам долбоорун 110 депутат колдоп, 1 эл өкүлү каршылыгын билдирди.

Эми аталган мыйзам долбоору президент кол коёйгон соң ишке кирет.

Кошумчалай кетсек, мыйзам долбоорун депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Мыктыбек Абдылдаев, Бактыбек Турусбеков, Дастан Бекешев, Алтынбек Жунус уулу демилгелеген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM