Биз менен байланышыңыз

Беларусияда ИИМдин сайты бузулуп, Лукашенкого издөө жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 592 | 0

Беларусиянын Ички иштер министрлигинин сайты 3-сентябрда кечинде ачылбай калды. «Наша Нива» жана «Белсат» телеканалы кабарлагандай, буга хакерлердин чабуулу себеп болгон. Белгисиз адамдар аталган министрликтин сайтына кирип, ал жерде президент Александр Лукашенко менен ички иштер министри Юрий Караевди издөө жарыялангандардын катарына жайгаштырып коюшкан. Андан кийин сайтка кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген.

 

Тактап айтканда, сайтта Лукашенко менен Караев «Беларусия элине каршы аскерий кылмыштарга» айыпталып жатканы айтылган. Ошондой эле Лукашенкого «бийликти узурпация кылган» деп дагы айып тагылган.

Беларусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ольга Чемоданова «РИА Новости» сайтына хакердик чабуулга байланыштуу кырдаалды комментарийлеп, анда министрлик окуянын себептерин иликтеп жаткандыгын билдирген.

Андан бир күн мурун Беларусиянын президентинин аппаратынын сайты дагы хакердик чабуулга кабылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM