Биз менен байланышыңыз

Украина Белоруссия менен бардык байланыштарын токтотту

Дүйнө , Кыска кабар , Саясат | 29 Авг 2020 | 566 | 0

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Белоруссия менен бардык байланыштарды үзгөнүн кабарлады. Ал мындай маалыматты жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.

-Бизде азыркы учурда белорус тарап менен бардык байланыштар, процесстер убактылуу токтотулду. Мен муну расмий билдире алам. Биз азыр абалды байкап турабыз, украин тарап үчүн саясат жүргүзүү, репутациялык жана моралдык жагынан эч кандай жоготуу болбой турганына ишенсек гана бардыгын кайрадан жандантабыз, — дейт Дмитрий Кулеба.

Белоруста өткөн 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин эл нааразылык акциясына чыгып, күч органдары акцияга чыккандарга карата зомбулук көрсөткөн. Бул үчүн жаңы шайланган президент Лукашенкону бир катар өлкөлөр күнөөлөп, белорус дипломаттарына санкция киргизгендери да бар.

17-августта Украина Беларустагы элчисин чакыртып алган. Мындай тарыхый окуя эки өлкөнүн ортосунда биринчи ирет болууда.

Copyright © 2017 Maral FM