Биз менен байланышыңыз

Чоң сумма менен качып кеткен Дубайдын ханайымы Лондондо экени айтылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 521 | 0

Дубайдын эмири Мохаммед бен Рашиддин кичүү жубайы, ханайым Хайя Германиядан Лондонго которулган. Бул тууралуу ВВС дүйнөлүк кызматы жазды.

Мохаммед бен Рашиддин 6 жубайы бар. Ханайым Хайя алардын кичүүсү болуп саналат.

Буга чейин британиялык The Sun басылмасы Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министри, Дубайдын эмири Мохаммед бен Рашид Аль Мактумдун жубайы өлкөдөн чоң өлчөмдөгү акча менен качып кеткендигин жазган.

Басылма жазгандай, ал 11 жашар кызы жана 7 жашар уулу менен Германияга качып барып, башпаанек сурап, ажырашууга арыз жазган. Ханайым 39 млн долларга жакын акчаны кошо ала кеткен.

«Бул качуу Бириккен Араб Эмираттары менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык байланыштын курчушуна алып келди», — деп жазган The Sun басылмасы.

Бир катар маалыматтар боюнча, премьер-министр Берлиндин бийлигине аялын жана балдарын берүүнү суранган, бирок Германия баш тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM