Биз менен байланышыңыз

Дубай чет элдик туристтерди кабыл ала баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 309 | 0

Дубай коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн кийин 7-июлдан тарта чет элдик туристтерди кабыл ала баштайт.

Дубайга келген бардык туристтерден коронавирустун тестин тастыктаган документ же аэропортко анализ тапшыруусу талап кылынат. Анализи оң чыккан туристтер 14 күндүк карантинге жөнөтүлөт.

Эмираттын чет өдкөдөгү жашоочулары да 6-июлдан баштап Дубайга кайтып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Эмиратка келгенде, алар да коронавируска тест тапшырып, натыйжалар чыкмайынча обочолонуп турушат.

Эгерде анализдин жыйынтыгы оң чыкса, 14 күн карантинде турушат.

Copyright © 2017 Maral FM