Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: «Жакпаса Кыргызстанга көчүп кеткиле»

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 510 | 0

Фергана облусунун Риштан районунда үйлөрү сүрдүрүлүп жаткан тургундарга 1200 доллардан компенсация төлөп беришти. Буга карабастан нааразычылыгын билдирген элге, жергиликтүү бийлик: «Анда Кыргызстанга көчүп кеткиле», — деди. Бул тууралуу Kun.uz басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Риштан районунун талапка туура келбеген үйлөрү сүрдүрүлүүдө. Басылманын кабарчысы аталган аймактагы тургундардын абалы оор экенин белгилейт.

Тургундардын бири Сухроб Абдуллаев түндө, уктап жаткан учурда келип, үйүн бузуп кирүүсүнөн коркуп, дубалына «БУЛ ЖЕРДЕ АДАМ ЖАШАЙТ» деген жазууну илип койгон.

Алардын айтымында, жергиликтүү бийлик «Башка жактан жер бөлүнөт, компенсация төлөнөт», — дегени менен, каяктан жер бөлүнөрү тууралуу эч кандай маалымат беришкен эмес.

Ошондой эле, бөлүнгөн каражат эч нерсеге жарабай турганын, үйдүн наркына жараша акча сурарын айткан элге, облус жетекчилигинин өкүлү: «Жакпаса Кыргызстанга көчүп кеткиле», — деген жообун берген.

Тургундар Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге жардам сурап кат жүзүндө кайрылганын, бирок азырынча жыйынтык жок экенин айтышат.

Ал эми басылманын маалыматына караганда, Мирзиёев элдер компенсацияны толугу менен алмайынча, элди көчүрүү иштерин токтотууну айткан.

Copyright © 2017 Maral FM