Биз менен байланышыңыз

Орусия: Коомдук транспорт айдаган чет элдиктердин билимин текшерүү керек

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 564 | 0

Жүргүнчү ташыган автобустарды айдаган чет элдик айдоочуларды катуу текшерүүгө алуу зарыл. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министринин орун басары  Александр Горовой айтканын РИА Новости маалымдады.

Ички иштер министринин орун басарынын айтымында, айрым борборлордогу айдоочулардын 70 пайызын чет элдиктер түзгөндүктөн, алардын билимин жана тажрыйбасын байма-бай текшеришип туруу кажет.

Ошондой эле, эскирген коомдук транспорттор көбөйүп баратканын айтып, жүргүнчү ташыган автобустардын техникалык абалы да катуу көзөмөлгө аларын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM