Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: Кыргызстанда 120 депутаттын болушу туура

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 927 | 0

Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө депутаттардын саны 120 болушу туура. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков маалымат жыйын берип жатып айтты. Анда эл өкүлдөрүнүн санын азайтканда, мамлекетти президент башкарып калышы мүмкүн экенин белгиледи.

— Депутаттардын санын 35, кээ бир жерлерде 75 кылуу керек деп айтылып жатат. Анда президентти «ажыдаарга» айлантып алышыбыз мүмкүн. Ошондой болсо, дагы нааразычылыктар чыгат.

Кыргызстан сыяктуу башка өлкөлөрдү да мисал келтирип, 120-150 депутаты бар экенин кошумчалады.  

Copyright © 2017 Maral FM