Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: Сын көп, демек жакшы иштеп жатабыз

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 558 | 0

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын дарегине көп сын айтылып жатат. Бул – аталган чакырылыштын жакшы иштеп жатканынын белгиси. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков маалымат жыйын берип жатып айтты.

-Сенин артыңдан сөз болсо, демек сен иштеп жатасың. Парламент катуу суроолорду көтөрүп, катуу мыйзамдарды кабыл алганы үчүн ушундай сын-пикирлер айтылып жатат.

Кошумчалай кетсек, учурда Жогорку Кеңеште 6 фракция бар. VI чакырылыштын мөөнөтү 2020-жылы аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM