Биз менен байланышыңыз

Орусия: Деңиздеги өрттөн 14 офицер каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 606 | 0

Орусияда суу астында батиметриялык изилдөө жүргүзүү учурунда аппараттан өрт чыгып, 9 офицер, 5 жоокер каза болду. Бул тууралуу РБК басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Орусия Аскер-деңиз флотунун аскерлери Баренц деңизинин түбүндө илимий-изилдөө жүргүзүп жаткан учурда аппараттан өрт чыккан. Каза болгон 14 аскер кызматкери иске ууланып калган. Офицерлердин жетөө капитан жана экөө Орусиянын баатыры болгон.

Өрттүн келип чыгышына электр түйүндөрүнүн бузулушу себеп болгону айтылууда. Учурда өрттүн башка себептери да иликтенип жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM