Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Арысты калыбына келтирүүгө 53 млн доллар керектелет

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 649 | 0

Казакстандагы Арыс шаарын калыбына келтирүүгө 53 миллион доллардан ашык акча сарпталышы мүмкүн. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин төрагасы Владимир Беккер билдиргенин Zakon.kz басылмасы жазды.

«Маалымат боюнча 8 миң турак жай жабыркаган. Бул акыркы чек эмес. Кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн азырынча 20 млрд тенге (53 млн доллар) керек болууда. Жалпы текшерүү иштери бүткөндө чыгымга жараша каражаттын суммасы өзгөрүшү мүмкүн. 15-июлда так суммасын айтабыз», — дейт Беккер.

Арыстагы бардык имараттар калыбына келтирилип, жарылуучу заттардан тазаланып, коопсуздук орун аларын айтты.

Кошумчалай кетсек, 24-июнда Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу болуп, 46 адам жабыр тарткан. Аталган шаарда жалпы 45 миңден ашуун тургун бар.

Copyright © 2017 Maral FM