Биз менен байланышыңыз

Улуу Британия: Абага көтөрүлгөн учактан адамдын сөөгү кулады

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 918 | 0

Лондондо учуп бараткан учактан жансыз дене кулап түшкөн. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Лондондо учуп бараткан учактан белгисиз адамдын денеси жерге кулап, Ламбет аймагындагы үйлөрдүн биринин короосуна түшкөн. Бул тууралуу үй ээси жергиликтүү органдарга кабарлаган.

Милиция кызматкерлери каза болгон киши мыйзамсыз түрдө Кениядан Улуу Британияга жетүүгө аракет кылганын билдиришти. Алдын-ала божомолдор боюнча, билети жок болгондуктан, Kenya Airways  компаниясынын учагындагы шассиден орун алган, самолет учкан кезде мерт болгон. Андан соң учактан кулап түшкөнү айтылууда.

Учурда окуянын чоо-жайын жана кишинин өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM